“КЫЛЫМДЫН ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУСУ”
Кыргыз эли кадырлаган уул бар,
Кыргызымды кадыр туткан муун бар.
Салыштырсак Чыңгызды биз тоолорго,
Саймаланган кырлар көзгө урунар.
Кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов азыр тирүү болгондо быйыл 95 жашка толмок.
Аалам алпы Ч.Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата мектеп-интернатыбызда залкар жазуучунун карындашы Роза Айтматова менен жолугушуу кечеси болуп өттү.
Кеченин ардактуу коноктору: жазуучунун бир тууган карындашы Роза Айтматова. Октябрь райондук муниципалдык администрациясынын орун басары Жаныкеева Чынара Доктурбековна жана “Ордо” диалог платформасынын негиздөөчүсү Марс Ибраевдер катышты.
❤️ ЖАКТЫРЫҢЫЗ!
📝 ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ!
⤵️ БӨЛҮШҮҢҮЗ!
Комментарии