№71 мектеп-интернаты Тоголок Молдо атындагы №71 жалпы орто билим берүүчү мектеп-интернаты

Биз жөнүндө

Биз жөнүндөМектебибиз 1991-2014-жылдары жалпы орто билим берүүчү мектеп катары иштеген.

Бул мектеп-интернатын түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын экс-президенти  А.Ш. Атамбаевдин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2014 – жылдын 10 – январындагы №03-6/44 жана Бишкек шаардык кецешинин 2014 – жылдын 18 – февралында №69 токтомунун негизинде №71 орто мектептин базасында тоголок жетим жана ата-энеси тарабынан кароосуз калган балдарга мамлекет тарабынан кам көрүү максатында орто мектепке мектеп-интернаты деген статус берилген.

 

 

 

 

Мектептин Максаты

 

БАГЫТЫБЫЗ:

  1. СЫЙ-УРМАТ- администрация арасында, мугалимдер арасында бир бирине болгон сый-урмат, окуучулар арасындагы сый-урмат ошондой эле администрация мүчөлөрү-мугалим-окуучу ортосунда жана жалпы мектептин катышуучуларынын мектептин ички эрежелерине сый-урматы болсо тарбиялануучу жана үйрөнүүчүлөрүбүзгө келечекте коомго, ата-энесине, жакындарына жана мамлекеттин мыйзамдарына сый-урмат менен мамиле кылууусун үйрөтө алабыз.

 

  1. ЖООПКЕРЧИЛИК- администрация мүчөлөрү-мугалимдер жамааты ар бири кылып жаткан ишине жоопкерчилик менен мамиле кылуусу керек. Өзгөчө сабактарга өтө жоопкерчилик менен даярданып келип өтүүсү керек. Жана ошондой эле окуучуларга берилген тапшырмалардын жыйынтыгын маалында талап кылуу, сабактан тышкаркы иштерди берүү аркылуу окуучуларыбыздын жоопкерчилик сезимин арттыра алабыз. Жоопкерчиликтүү коом гана ийгиликтин даамын тата алат.

 

  1. БҮТҮНДҮК- мугалим жана окуучулар арасында бир бүтүн болуу гана мектепти ийгиликке жетелейт. Ошондой эле мугалим жана окуучулар арасында тутунган динине, улутуна, сүйлөгөн эне тилине карабай бир бүтүн, бир муштум болуу керек. Бул көөнөрбөс баалуулук аркылуу келечекте мамлекеттин бүтүндүгүнө салым кошкон жарандарды тарбиялап чыгабыз деген үмүттөбүз.

 

  1. КАМКОРДУК- мектеп администрациясы мугалимдерге ал эми мугалимдер окуучуларыбызга ата-энедей камкордук көргөзгөндө гана ийгиликтерге жетүү мүмкүн. Биздер окуучулардын муктаждыктарын камсыздоо үчүн топтолгон мугалимдер жамаатыбыз. Окуу-тарбия процессине катышкан ар бир инсан мектептин буюмуна өз буюмундай камкордук менен мамиле жасоосу шарт. Себеби, камкордук милдети мектеп курагында үйрөтүлөт. Ал эми камкордук сезими менен сугарылган окуучулар келечекте коомго, жеке үй-бүлөсүнө жана мекенине камкордук менен мамиле жасаары анык.

 

  1. ЧЫДАМКАЙЛЫК- талыкпаган эмгек менен катар ар кандай мүшкүлдүктөргө туруштук берүү жана ошол оорчулуктарга чыдоо аркылуу гана көздөлгөн максаттарга жетүүгө мүмкүн. Биз мугалимдер оор жана түйшүктүү ишибизде чыдамкайлыктын үлгүсүбүз. Себеби бир адамды тарбиялоо жана ага билим берүү аз убакытта ишке аша турган нерсе эмес. Натыйжалуу жыйынтык алуу үчүн биз окуучуларыбызды чыдамкайлык менен бир нече жыл бою билим жана тарбияга сугарабыз. Ийгиликке жетүүдө материалдык жана моралдык жактан чыдамкайлык өтө маанилүү. Ушул баалуулук аркылуу тарбиялануучуларыбыздын жашоодо көздөгөн максатына, ийгиликтерге жетүүсүнө себеп боло алабыз. Ийгиликтүү адам коомду жана мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошот.

 

  1. ТЕҢ САЛМАКТУУЛУК- мектептин ички эрежелери жана окуучуларга коюлган талап бирдей болуусу керек. Ошондой эле мектеп жамааты арасындагы жана окуучуларга болгон мамиле кызматтык жоопкерчилик менен инсандык, моралдык жоопкенчиликтин тең салмактуулугунда болушу абзел. Жоопкерчиликтер ортосунда баланс сакталганда гана мектепте окуу-тарбия иштеринде жогорулоо жана сапаттын артуусу күтүлөт.

ПРИНЦИБИБИЗ:

  1. АР БИР МЕКТЕП- МЫКТЫ МЕКТЕП,
  2. АР БИР ОКУУЧУ- МЫКТЫ ҮЙРӨНҮҮЧҮ,
  3. АР БИР МУГАЛИМ-КАМКОР АГАРТУУЧУ,
  4. АР БИР АТА-ЭНЕ – ТУРУКТУУ КОЛДОГОН ӨНӨКТӨШ.
  5. АР БИР МЕКТЕП- МЫКТЫ МЕКТЕП: Мектеп жетекчилигинин бул окуу жылына койгон максаттарынын бири: АР БИР МЕКТЕП- МЫКТЫ МЕКТЕП принциби менен башка мектеп, гимназия, лицейлер менен иш алып баруу аркылуу мектепти мыкты мектеп даражасына чыгаруу. Ошондой эле МЫКТЫ МЕКТЕП принциби менен мектеп-интернаты ЖРТ жана предметтик олимпиадаларда, проекттик олимпиадаларда ийгиликке жетүүнү көздөйт. Ал эми администрация мүчөлөрү жана мугалимдер кызматтык жоопкерчилик менен катар инсандык, моралдык жоопкерчилик менен мамиле кылып, өздөрүнүн функционалдык милдеттерин так аткарганда гана МЫКТЫ МЕКТЕП даражасына жетүү мүмкүн.  
  6. АР БИР ОКУУЧУ- МЫКТЫ ҮЙРӨНҮҮЧҮ: Окуучунун жаманы болбойт, окутуучунун же анын үйрөтүү методикасынын жаманы болот. Биз бул принцип аркылуу артта калган окуучулар менен иш алып барабыз. Меритократиянын – кайрымдуу меритократия деген бөлүгүн максат кылабыз. Муну менен эле катар алдыга суурулуп чыккан окуучуларыбызга да көңүл буруп, аларды дагы да алдыга жетелейбиз. Албетте бул иштерди кылууда мугалим өзүн ар тараптан өнүктүрүүсү керек жана окуучу-мугалим мамилесин өнүктүрүүсү зарыл.
  7. АР БИР МУГАЛИМ-КАМКОР  АГАРТУУЧУ: Камкордук биздин негизги милдетибиз жана баалуулугубуз болушу керек. Камкор ата-энедей же ага-эжедей мамиле кылуу менен жана мээрим төгүү менен биз мугалимдер өз масатыбызга жете алабыз. Ар бир мугалим класс ичиндеги абалды жакшы жагына же дагы да жакшы жагына өзгөртүүгө аркет кылуусу абзел. Бул үчүн ошол камкор агартуучу классындагы ар бир баланын жеке жашоосун, бар болгон болсо маселелерин, көйгөйлөрүн, баланын ички жан дүйнөсүн билип турат жана абалга жараша мамиле кылат. Сабакка келбей калган же сабактан качкан баланы сураштырып себебин үйрөнөт жана бала менен мектеп ортосунда көпүрө болот. “Эч бир окуучу артта калбайт” деген ураан ар бир мугалимдин урааны болуш керек. Окуучуларынын камын ойлогон, алардын көйгөйлөрү менен алектенген мугалим өзүн окуучуларына сүйдүрө алат. Окуучулар мугалимин жакшы көрөндө гана ошол сабакка болгон кызыгуусу артат жана жалпы мектепке, башка мугалимдерге болгон көз карашы жакшы болот. Мына ушунун негизинде үйронүү процесси ийгиликке чыгат.
  8. АР БИР АТА-ЭНЕ – ТУРУКТУУ КОЛДОГОН ӨНӨКТӨШ: Балага билим жана тарбия берүүдө жалгыз бир тараптын кылган иштери аздык кылат. Мугалим окуучунун үйдөгү проблемаларын, жеке өзүнүн маселелерин билбей туруп балага бир нерсе үйрөтүүсү оор. Ал эми окуучу кандайдыр бир себептерден улам мугалимине айтпашы мүмкүн. Мугалим окуучу менен өзүнчө сүйлөшүп жыйынтык алалбаганда ата-эне менен иштешүүсү керек. Ушул себептен окуучуларыбызга татыктуу билим жана тарбия берүү үчүн ата-энелердин мугалимдерди туруктуу колдоосу зарыл. Мына ушул АР БИР  АТА-ЭНЕ – ТУРУКТУУ КОЛДОГОН  ӨНӨКТӨШ принциби иштегенде гана үзүрлүү жыйынтык күтө алабыз.

МАКСАТЫБЫЗ:
1. ЖАШТАРДЫ АР ТАРАПТАН ЖАШООГО, КЕЛЕЧЕККЕ ДАЯРДОО-
 окуучуларды билимдүү жана ыймандуу кылып тарбиялап, коомго пайдалуу инсандарды даярдап чыгаруу мектептин негизги максаттарынын бири. Башкача айтканда мектеп коомго билимдүү, тарбиялуу, моралдык-маданий деңгээли жогору муун даярдайт. Бир гана билим берүү жетишсиз. Ар бир мугалим сабагында үлгү болуу менен балдарды тарбиялоого жана билим берүүгө аракет кылышы керек.

  1. ДИНИЙ, УЛУТТУК, РАСАЛЫК ТЕҢ САЛМАК МЕНЕН КАТАР, МАКУЛДАШУУ, УЛУТТАР АРАСЫ БИРИМДИК, ЖАШОО ИНСТИНКТЕРИ ЖАНА КЕЛЕЧЕККЕ ИШЕНИМ СЫЯКТУУ ИДЕЯЛАРДЫ, БААЛУУЛУКТАРДЫ САКТОО- мектеп окуучуларыбыз же мектеп жамаатында ар башка динди тутунган катышуучулар болушу мүмкүн. Мугалим сабагында кандайдыр бир динге таандык ой-пикирлерди үгүттөөгө тыюусалынат. Арбир адамдын тутунган динине урмат-сый менен мамиле кылуу мугалимдин милдети.
  2. ОКУУЧУЛАРГА КООМДУК НОРМАЛАРДЫ, ЖАКШЫ- ЖАМАНДЫ, ТУУРА-ТУУРА ЭМЕСТЕРДИ АЙЫРМАЛАП ҮЙРӨТҮҮ- окуучуларга коомдо өзүн алып жүрүү этикасын жана коммдо терс кабыл алынган кулк-мүнөздөрдү дегеле жалпы коомдук эрежелерди балдарга жекткирүүгө милдеттүү. Себеби жаш муундун инсан катары калыптануусунда мектептин аткарган эбегейсиз зор ролу бар экени жалпыга маалым. Ар бир мугалим өзү өрнөк болуу менен гана мектеп тарбиялануучуларына тарбия бере алат. Мектеп тарбиялануучуларыбыз ак менен караны, туура менен туура эмести, жакшы менен жаманды айырмалап билүүсү үчүн ар бир мугалим сабактардагы темаларын, класстык сааттарын натыйжалуу жана максаттуу өтүүгө милдеттүү. Мектепте өзүн алып жүрүү эрежелерин так сактаган окуучу келечекте коомдук нормаларды сактаган жаран катары калыптанат. Мугалим билим жана тарбия берүүчү экенибизди унутпашыбыз керек.

 

Биз жөнүндө

 

Мектебибиздин эмблемасы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Биз жөнүндөБиз жөнүндө

 

 

 

 

 

 

 

 

 

220 орундуу жыйын залы                                                                Мультимедиа кабинети

 

Биз жөнүндө

Биз жөнүндө

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бассейн                                                                                                 Ашкана, 250 орундуу

 

Биз жөнүндө Биз жөнүндө

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Классстар, кабинеттер

 

Биз жөнүндө

Футбол аянтчасы