Эл аралык

“INFOMATRIX-2018” проект олимпиадасынан 6 коло медаль!

Казакстандын Алматы шаарында өткөн информатика боюнча “INFOMATRIX-2018” проект олимпиадасында окуучуларыбыз “Дүйнө кереметтери” долбоору менен Улукбек Бакутбеков жана Назим Муктарбеков, “Дүйнөлүк көчмөндөр оюну” долбоору менен Максат Боромбаев жана Санжар Мирбек уулу, “Акылдуу тур” долбоору менен Куткелди Эламан уулу жана Айгерим Ташмуканбетовалар коло медалдын ээси болушту. Окуучуларыбыз 7 категориянын 3D моделдөө категориясынан катышып, өз долбоорлорун эң жогорку деңгээлде жакташып, өлкөбүздүн желегин желбиретип келишти.
VI өткөрүлүп жаткан “INFOMATRIX-2018” эл аралык долбоорлор олимпиасына 16 өлкөдөн 500гө жакын окуучулар катышты.  Жетекчиси: Биялиев Э.Б.