Новости

5-март -Ак калпак күнү деп 2011-жылы жарыяланган. Анын негиздөөчүсү Рысбек Жабиров. Бул күн 2016-жылдан тарта Кыргызстандын аймактарында жана чет өлкөдө мекендештерибиз тарабынан расмий түрдө белгиленип келет. Анда ак калпакчан жигиттер жөө жүрүшкө чыгып, ар кандай иш-чараларга катышат.
11.03.2024 14
Мектеп-интернатыбыздын мугалимдер Октябрь Райондук Администрациясы тарабынан уюштурулган Мугалимдер ортосундагы спартакиадада байгелүү 2-орунду багындырышты.
29.02.2024 19
Бүгүн мектеп-интернатыбыздын мугалимдери Ала-Тоо университетинин ишмердүүлүгү менен танышып кайтышты.
29.02.2024 17
Мектеп-интернатыбыздын кыргыз тили мугалими Анарбекова Гүлүмкан эжекебиз КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Эл аралык эне тил күнүнө карата Ардак Грамотасын алды.
29.02.2024 15
Бүгүң мектеп-интернатыбызда Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердин арасында Илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын райондук баскычынын ачылуу аземи болуп өттү. Жумалыктын ачылышы концерттик программа менен башталып, жобого ылайык долбоорлор каралды. Биздин мектеп-интернатыбыздан да 4 долбоор даярдалып, презентацияланды. Катышуучу мектептердин жаш ойлоп табуучулары тарабынан жасалган көргөзмөлөр коюлду.
29.02.2024 17
Мектеп интернатыбыздын 5-,6-,7-,8-класстарынын окуучулары PISA-2025 долбоорунун негизинде түзүлгөн онлайн тест тапшырышты. Бул тестирлөө жөнөкөй тесттен айырмасы логикалык суроолор берилип балдарды ой жүгүртүүсүн, оюн баяндап жазууну камтыган. Тестирлөө онлайн түрдө алынып окуучуларга уюлдук телефонду туура максатта колдонууну да камсыздайт. Ошондой эле компьютер менен да кирип тапшырууга мүмкүндүк берилди. Мындай онлайн тестирлөөлөр жыл ичинде алынып турулмакчы.
11.02.2024 25
Мектебибиздин 9-классынын окуучусу Успеева Каныкей Казахстанда өткөрүлгөн Эл аралык конкурста 1-даражалуу ДИПЛОМду жеңип алды. Окуучубузду куттуктоо менен бирге чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз. Азаматсын!
11.02.2024 15
Бүгүн мектебибиздин 10-классынын окуучулары информатика предметинен онлайн түрдө олимпиаданын райондук баскычына катышышты. Жыйынтыгында Республикалык бачкысына катышууга жолдомо алышат. Окуучуларгыбызга ийгилик каалайбыз!
11.02.2024 18
Кыргыз эли кадырлаган уул бар, Кыргызымды кадыр туткан муун бар. Салыштырсак Чыңгызды биз тоолорго, Саймаланган кырлар көзгө урунар. Кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов азыр тирүү болгондо быйыл 95 жашка толмок. Аалам алпы Ч.Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата мектеп-интернатыбызда залкар жазуучунун карындашы Роза Айтматова менен жолугушуу кечеси болуп өттү. Кеченин ардактуу коноктору: жазуучунун бир тууган […]
26.12.2023 37
1 / 1712345...10...»