Мектепке кабыл алуу жөнүндө

УРМАТТУУ АТА-ЭНЕЛЕР!

2023-2024-окуу жылына карата 1-класска кабыл алуу боюнча электрондук кезекке туруу төмөндөгү шилтеме аркылуу жүргүзүлөт:

www.mektep.edu.gov.kg

 

Окуучуларды интернатка кабыл алуу:

Кабыл алуу шарттары:

  • бардык окуучулар Билим берүү жана илим
    министрлигинин, шаардык-райондук билим
    берүү бөлүмдөрүнүн жолдомосунун негизинде
    соттун чечими менен кабыл алынат.

Кошумча документтер:

  • жатак окуу жайына жиберүү жөнүндө баланын
    жашаган жеринен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу
    органынын аткаруу бийлигинин жана соттун чечими
    менен баланын статусун аныктоо;
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • билими тууралуу документ (өздүк дело);
  • баланы республикалык психолого-медико-
    педагогикалык консультацияда изилдөөнүн
    протоколунан көчүрмө;
  • баланын баштапкы жашоо-шарты тууралуу акт;
  • ата-энеси же камкорчусу тууралуу толук маалымат
    (ата-энесинин жоктугун далилдеген документ);
  • бир туугандарынын жана жакындарынын жашаган
    жери тууралуу маалымдама;
  • медициналык карта (форма №26, №63).

Интернатка республиканын бардык аймагынан төмөндөгү 3 категориядагы, 10-14 жаш курагындагы кыздар жана балдар кабыл алынат:

  • тоголок жетимдер;
  • ата-энеси тарабынан кароосуз калгандар;
  • ата-эне укугунан ажыратылгандар.

Эскертүү: Алдын ала байланышыңыздар. (0312-521791). (жатаканада орун болбой калышы мүмкүн)