Бүгүң мектеп-интернатыбызда Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердин арасында Илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын райондук баскычынын ачылуу аземи болуп өттү.
Жумалыктын ачылышы концерттик программа менен башталып, жобого ылайык долбоорлор каралды.
Биздин мектеп-интернатыбыздан да 4 долбоор даярдалып, презентацияланды.
Катышуучу мектептердин жаш ойлоп табуучулары тарабынан жасалган көргөзмөлөр коюлду.
Комментарии