ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШТЕН 2 АЛТЫН, 1 КОЛО МЕДАЛЬ

Кызыл-кия шаарында таэквандо боюнда эл аралык мелдеш болуп өттү.
Эл аралык мелдешке биздин Ислам агай жетекчилиги астында уюштурулган таэквандо ийримине катышып жаткан окуучулары катышышты.
Мелдешке Кыргызстандын 7 облусунан жана коңушу Өзбекистандын чоң шаарларынан катышуучулар келишкен.
Жыйынтыгында биздин окуучулар 2 алтын жана 1 коло медальдарын багындырды.
Биздин мектеп-интернатыбызда таеквандо ийриминен башка спорттук, чыгармачылык, өнөр ийримдери ачылган. Окуучуларга ар тараптуу жетишүүлөрү үчүн шарт түзүлгөн. Ийримдер боюнча алдынкы аптада кененирээк маалыматтар менен бөлүшөбүз.