Бишкек шаарындагы Октябрь районуна караштуу Тоголок Молдо атындагы №71 мектеп-интернатында 25-май 2024 –жылы бүтүрүү класстарына арналган “Акыркы коңгуроо” аземи болуп өттү.
Жалпысынан 60 окуучу аттестациялоодон өттү жана 11-классты бүтүрүп жатышат.
Өсүп келе жаткан келечек муундарга жагымдуу жорук,өрнөктүү адаттары менен мектептин “Алтын тактасына “ төмөнкү үч окуучунун аты илинди: Нурбекова Жамал, Джанузаков Азамат, Исмаилова Касиет. Үлгүлүү жүрүм-туруму жана окуудагы жетишкендиктери үчүн мектептин “Ардак Грамотасы” менен төмөнкү окуучулар сыйланды: Маркленов Атай, Куштарбеков Нуржигит,Акимжанова Арууке,Садыралиева Сафура . Билим берүү министирлиги тарабынан уюштурулган 2023-2024-окуу жылындагы “Алтын тамганын “ ээси 11-б классынын окуучусу Нурбекова Жамал. Бүтүрүүчү класстар куттуктоо сөзүн сүйлөп,ыраазычылык барактарын мектеп директору Абдыкадыров Эркинбек Калыковичке тапшырышты.
Кече концерттик ыр-бий менен коштолду.
Комментарии