“Жаш манасчы “
4-декабрь “Манас күнүнө” карата уюштурулган “Жаш манасчы ” сынагында 5-а класстын окуучусу Сакматов Сыймык биринчиликти багындырды.
Бул майрам 2015-жылы Өкмөттүн токтому менен бекитилген. Башкы максаты – “Манас” эпосун улуттук мурас катары сактоо жана жайылтуу, республикада “Манас таанууну” өнүктүрүү жана манасчыларга колдоо көрсөтүү, ошондой эле эпосту даңазалоо.
“Манас” – кыргыз элинин улуу баатырдык эпосу, дүйнө жүзүндөгү эң чоң поэма – 500 миң 553 ыр сабынан турат. Бул көлөм манасчы Саякбай Каралаевдин айтымындагы үчилтиктен куралган.
Алар: “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек”.
Комментарии