Мугалимдер жана карылар күнү
Нускалуу карыя болбой,
Ыймандуу жаш болбойт.
Алгач мындай майрамды белгилөө 1970-жылы жер калкынын картаюу маселесин изилдеген адистердин оюна келген.Бирок эл аралык статуска 1990-жылы ээ болгон. 1990-жылдын 14-декабрында БУУнун генералдык ассамблеясы өзүнүн 45/106 резолюциясында “1-октябрь эл аралык карылар күнү” деп токтом кылган. Токтомдун максаты: карылардын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу болгон.
Мугалим бул- оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р.Эмерсон)
Эске салсак, буга чейин мугалимдердин жана кесиптик билим берүүнүн кызматкерлеринин күнү октябрдын биринчи жекшембисинде белгиленчү. Анда мугалимдер майрамы ар кайсы күнгө туш келчү.
1994-жылдан бери дүйнөнүн жүздөн ашык мамлекетинде 5-октябрь “Мугалимдердин бүткүл дүйнөлүк күнү” катары майрамдалып келет. Бул күн мугалимдердин жана билим берүү тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленип, алардын билим берүүгө жана коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы даңазаланат.
1-октябрда мектеп-интернатыбызда карылар күнүнүн утурлай мугалимдер күнү дагы белгиленди.
Комментарии