“Мектептин иш тажрыйбасы “
14-декабрда Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги астында Тоголок Молдо атындагы #71 мектеп-интернатында “Мектептин иш тажрыйбасы ” аталышында окуу-тарбия иштери боюнча директорунун орун басарларына семинар болуп өттү. Келген коноктор мектептин ишине ыраазы болуп, жакшы ойлорун, каалоо-тилектерин, сунуштарын айтып кетти.
71: ОТИ боюнча директорунун орун басарларына өтүлгөн семинарды утурлай эле, 15-декабрда 1 айлык “Камкордук жана кайрымдуулук айынын” жабылыш аземи болуп, бул акцияга жигердүү катышкан класс жетекчилер жана окуучулар мактоо барагы менен сыйланышты.
Комментарии