2021/2022 жылдын жаны директору
2021-2022- окуу жылынын башында Тоголок Молдо атындагы № 71 мектеп-интернатынын директору болуп Абдыкадыров Эркинбек Калыкович дайындалды. Буга чейин бул кызматты Атаев Рустам Алтымышбаевич аркалаган.
Абдыкадыров Э.К. буга чейин аталган мектеп-интернатынын башталгыч кесип берүү борборун жетекчиси жана окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеп келген.
Эркинбек Калыкович 1980-жылы 12-февральда Ысык-Көл облусунун, Ысык-Көл районунуна караштуу Бает айылында төрөлгөн.
-1998-2002-жылдары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин түркология факультетин бүтүргөн.
-2008-2010-жылдары Кусейин Карасаев атындагы БГУ нун филология багыты боюнча магистратураны аяктаган.
-2011-жылы аталган ЖОЖго аспирантурага филология багытына тапшырган.
Иш тажрыйбасы
2002-2004-жылдары Каракол шаарындагы К.Карасаев атындагы лицейинде түрк тилинен мугалим;
2004-2008-жылдары Баткен областындагы “Семетей” лицейинде кыргыз тилинен мугалим;
2008-2012-жылдары Эл аралык “Ала-Тоо” университетинде кыргыз тилинен окутуучу;
2016-жылы башталгыч билим берүү “Сейтек” мекемесинде кыргыз тили сабагынан мугалим;
2017-жылдан баштап, Тоголок Молдо атындагы №71 мектеп-интернатынын башталгыч кесип берүү борборун жетекчиси жана окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеп келген.
Комментарии